Эсептөө палатасы Тогуз-Торо районуна жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктыгында – 1 млн 058,5 миң сом каржы бузууларды аныктады
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Тогуз-Торо финансы башкармалыгы, Тогуз-Торо районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.
Тогуз-Торо районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 1 млн 058,5 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 41,5 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы – 626,4 миң сом;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 66,7 миң сом;
- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 49,7 миң сом;
- эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 147,5 миң сом;
- утурумдук болуп жаткан чыгымдарды эсепке алууда мыйзам талаптарынын сакталбашы (пландалган максатына жетпей сарпталган каражаттар) – 58,0 миң сом;
- дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 68,5 миң сомду түздү.



