Окуялар

УКМК: Милиция тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 14-ноябрында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ч.А.Т. кармалган. Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргыз Республикасына келип, аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген.

Учурда бул кылмыштын шериктери такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button