Жан дүйнө. Кеч келген сүйүүм үчүн күрөшүүдөн баш тарттым

Тилекке каршы баары кеч…
Сиздей жумшак, жүрөгү таза, эмгекчил, ичинде кымындай кири жок, пенде жөнүндө жаман ойлобогон асыл адамдар аз эле болуш керек.
Кээде туруп сизди сагынып калам, бирок өзүмдүн сезимдеримди өзүм басып турмуштун түгөнбөгөн түйшүгүнө алаксыганга аракет кылып өзүмдү алаксытам.
Негедир мага бардык жактан идеалдуу сезилесиз. Балким андай эместир. Кең далылуу, кара көз, ак жуумал жүзүңүз мага окшогон далайларды өзүнө суктандырып азгыргандыр. Сиз да эркекчилик кылып азгырылбай бир калыбыңыздан жазбай келаткан мүнөзүңүздү баалайм.
Мен сиздин сезимдериңизге кол салып, тынч жашооңузга будуң чаң салгым келбейт. Ошондуктан аздектеп мамиле жасап, сиз деген сыйымдан алыс чыкпай келем.
Балким менден башка бирөө болсо сүйүүсү үчүн күрөшүп, сиз үчүн, сиздин жүрөгүңүз үчүн күрөшмөк.
Бирок мен андай аялзатынан эмес экенмин. Андай кадамдарга барып, сизди санаага салууга менин адебим жол бербейт. Мен сиздин тынч жашооңуз үчүн өзүмдүн сүйүүмдү курмандыкка чалдым.
Бул менин сизге болгон аруу, таза, түгөнбөс, булганбас сүйүүм деп билиңиз.
Сиздин амандыгыңызды көрүү мага чоң бакыт.
Сиз оорубай эсен жүргөнүңүз эле мага бакыт тартуулайт.
Ар убак мойнуңузга асылып, тер жыттанган жытыңызда каңырыгыма толтура тойгуча жыттап-жыттап алгым келет. Бирок балким эртерээк жолукканыңызда жаштыктын деми менен ошол нерсени кылмакмын. Азыр экөөбүз тең акыл токтотуп калган кезде мындай кылганым акылсыздыкка жатаар.
Болгону аман болуңузчу…
Карааныңызды көрүп, үнүңүздү угуп турганыма топук кылам. Сиз жакшы адамсыз.💜