Бишкек – Чалдыбар жолунда автоээнбаштык жасаган айдоочуларга 15 миң сом айып салынды

Бишкек – Чалдыбар жолунда автоээнбаштык жасаган айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда той кортеждеринин унаалары жолду тороп, автоээнбаштык кылуу менен бара жаткан видео тасма тараган.
Аталган факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан Бишкек – Чалдабар унаа жолунда жолунда башка айдоочулардын жүрүү кыймылына тоскоолдук жараткан эки Toyota Camry, «Чынган EV-460» жана «Тойота RV-4» үлгүсүндөгү жалпы төрт унаанын айдоочулары кармалды.
Натыйжада КР Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, ар бир унаанын айдоочуларына 15 миң сомдон айып пул салынып, унаалар убактылуу айып короо жайына киргизилди.



