Спорт

Дүйнө чемпионатында Асан Жанышов коло медаль утту

Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэланын балбаны Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште россиялык Ауэс Гонибошко утулуп калган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button