Дүйнө
Анкарадагы теракттан кийин 200дөн ашуун террорист өлтүрүлдү

Анкарада 23-октябрда болгон теракттан кийин 213 террорист жок кылынды. Бул тууралуу 28-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.
«Террордук чабуулдан кийинки максаттуу соккулар террордук уюмдун Сирия жана Ирактагы 470 бутасына жасалды. Кол салууга жооптуу кылмышкерлер менен кошо 213 террорист жок кылынды», — деди Эрдоган.
Эрдоган Анкарадагы терактты кол салуунун уюштуруучуларынын дүрбөлөңгө түшүп, айласы кеткендигинин белгиси деп баалады. Түрк президенти мамлекет террордук уюмдардын өлкөдөгү күн тартибин көзөмөлдөөсүнө жол бербей турганын белгиледи.



