Окуялар
Акылбек Жапаров Ноокатка барды

Министрлер кабинетинин төрагасы тик учак менен жапа чеккен кожолуктарды карап чыгып, жаратылыш кырсыгы келтирген зыяндын көлөмү менен таанышты.
Ал ошондой эле ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.
“Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык зарыл ресурстарды берет. Биз жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз жана бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди Жапаров.



