Бишкекте үч күн бою органикалык азыктардын жарманкеси өтөт

Өлкөдө 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал «Органикалык Экспо — Борбордук Азия» форумунун алкагында уюштурулат.»Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Ага коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер, кургатылган жемиштер жана жаңгактар, шире, кыям, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктулары жана башкалар коюлат», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөрү белгиленди.Жарманке эртең мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин болору кошумчаланды.



