Саясат
УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуунун айрым учурларын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуунун айрым учурларын ачыктады:
Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келген, Кыргызстан болсо 1991-жылдагы документтерге таянган.
Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген.
Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен, азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды.
Ушуга экинчи тарап макул болду.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG



