Дүйнө
Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өлкөдөн чыгып кетүүсү зарыл

Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, бул убакытка чейин өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр укуктук макамын жөнгө салышы керек. Болбосо атайын реестр аркылуу көзөмөлдөнүп, аларга бир катар чектөөлөр колдонулат.
Ошол эле учурда Россиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөгө келишим түзгөндөр депортацияланбайт. Улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге бул норма колдонулбайт.
2024-жылдын августунда никеге туруу шарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, жогоруда белгиленген реестрде катталган адамдар менен никеге турууга тыюу салынган.



