Окуялар

Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсык. Ооруканада 15 жаштагы кыз каза болду

Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсык. Ооруканада 15 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ош облустук ооруканада азыр 6 адам жатат. Абалдары оор. Травматологияда 2 адам, абалдары орто. Ал эми шаардык ооруканага бир адам жаткырылган. Абалы оор деп бааланууда. Балдар ооруканасында 2 жаш бала бар», деди басма сөз кызматы.

Кечээ, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып  7 адам каза болгон.  

SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button