Окуялар

Шри-Ланкада «Дитва» тропикалык циклонунан 643 адам каза болду

Шри-Ланкада тропикалык бороондун кесепетинен каза болгондордун саны 643 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору маалымдады.

Маалыматка ылайык, ноябрдын аягында аралга сокку урган «Дитва» тропикалык циклонунан улам жаралган аба ырайынын жагымсыз шарттары акыркы бир нече жума ичинде кеминде 643 адамдын өмүрүн алды.

«Акыркы күндөрү өлкөдө катталган жагымсыз аба ырайынын кесепетинен каза болгондордун саны 643кө жетти», — деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.

Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча дагы 184 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелет.

Күчтүү «Дитва» тропикалык циклонунун айынан Шри-Ланканын аймагында кеңири масштабдагы суу каптоолор жана кыйроолор катталды. Табигый кырсык аралдын бардык 25 округуна таасирин тийгизди. Жалпысынан бороондун кесепетинен 1 миллион 364 миң 481 адам жабыркаган.

Учурда куткаруу жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Бийлик өкүлдөрү келтирилген зыянды баалап, жабыркаган калкка жардам көрсөтүп жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button