Маданият
Бишкекте Россиянын эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт өттү

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык концерт өттү.
Концерттик программага ата мекендик жана Россия эстрадасынын белгилүү ырчылары катышууда. Алардын катарында Филипп Киркоров, Слава, Zivert, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Стас Михайлов, Николай Басков жана башка өнөрпоздор катышты.
Концертте көрүүчүлөр үчүн 10 даана Changan автоунаасы, 10 iPhone жана 10 iPad ойнотулду.
Маданий иш-чарага кирүү акысыз болуп, ага борбор калаанын 16 миңге жакын тургуну күбө болду.





