Дүйнө

Белгилүү бренддин балдарга арналган продукциясынан келемиштердин уусу табылды

Австрияда балдар тамагынын банкасынан уулуу зат табылганын DW жазды. Кеп HiPP брендинин продукциясы жөнүндө болуп жатат.

Маалыматка ылайык, сабиз жана картошка пюреси салынган айрым банкалардан келемиш уусу (крысинин яд) табылган. Бул кооптуу продукциялар Австриядан тышкары Чехия жана Словакия өлкөлөрүндө да аныкталган.

Компания продукцияны алдын ала эле шектүү жагдайлардан улам кайра чакыртып алган. Кооптуу товар SPAR соода түйүндөрүнүн 1000ден ашык дүкөнүндө сатылган.

Текшерүүдө 190 граммдык банкадан чындап эле уулуу зат табылганы тастыкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат, ага Германиянын укук коргоо органдары да катышууда.

Адистер бул окуя атайын жасалган кылмыш болушу мүмкүн экенин, мисалы опузалап акча талап кылуу (вымогательство) менен байланыштуу болушу ыктымал экенин белгилешти.

Шектүү банкаларды төмөнкү белгилер боюнча айырмалоого болот:

— түбүндө кызыл тегерек белгиси бар ак наклейка
— капкагы бузулган же мурда ачылган.

HiPP компаниясы сырттан кийлигишүү болушу мүмкүн экенин билдирди жана мындай продукцияны колдонуу өмүргө кооптуу экенин эскертти.

Сатып алуучуларга товарды кайтарып берсе, акчасы толук кайтарылары айтылды.

Акыркы убакта балдар тамагы рыногунда мындай окуялар буга чейин да катталган. Маселен, Danone Германияда балдар тамагынын бир партиясын уулуу зат табылганына байланыштуу кайра чакыртып алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button