Маданият
Караколдо шаар күнүнө карата чоң майрамдык концерт өтөт

1-июлда Каракол шаарында Шаар күнүнө арналган чоң майрамдык концерт өтөт.
Бул күнү шаар тургундары жана коноктору үчүн чыгармачыл жамааттардын концерти, Караколдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды сыйлоо аземи, ошондой эле кыргыз жана орус эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа уюштурулат.
Шаардык администрациянын белеги катары сахнага Город 312 тобу жана Стас Михайлов чыгат.
Майрамдык кечеде Каракол тууралуу ыр жаңырып, салтанаттуу фейерверк менен жыйынтыкталат.
Өтүү убактысы: 1-июль, саат 18:00.
Өтүү жери: Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянт.
Кирүү: акысыз.



