Окуялар

Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда сел жүрүп, унаа кыймылы чектелди

Кечээ, 12-июлда Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 232-чакырымында сел жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге жол кызматтарынын атайын техникалары дароо жөнөтүлгөн.

Учурда жол жарым-жартылай тазаланып, унаалардын кыймылы бир тилке аркылуу уюштурулду.

Министрлик айдоочуларды этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button