Спорт

Шылуундарга алданган Кыргызстандын таэквондо боюнча TF командасы Азия чемпионатына уча албай калды

Кыргызстандын тхэквондо боюнча курама командасын шылуундар алдап кеткендиктен спортчулар Монголиядагы чемпионатка бара албай калышы ыктымал. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Эрдон Рахимшаихов билдирди.

Команда 3-августта Алматы – Пекин – Улан-Батор багыты боюнча учушу керек болгон. Бирок 2 миллиондон ашык сом каражат чогултулуп, С. Н. В. аттуу адамга берилген авиабилеттер чындыгында сатып алынбаганы белгилүү болгон. Ошондуктан таэквондочулар учакка отура алышкан эмес.

Рахимшаихов билдиргендей, азыр команданын бул чемпионатка катышып калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз. Спортчулар мелдешке алты айдан ашык убакыт даярданышкан.

Анын айтымында, Эл аралык жана Азия таэквондо федерациялары Кыргызстандын улуттук курамасына жардам берүүгө даяр экенин билдирип, каттоо мөөнөтүн эртеңки күнгө чейин узартууга макул болушкан.

«Биз бардык кызыкдар тараптарга, туроператорлорго, авиакомпанияларга жана өлкө жетекчилигине кайрылып, улуттук кураманын Азия чемпионатына катышуусуна жардам берүүнү суранабыз. Биз бул мелдешке көп убакыттан бери даярданып, өлкөбүздүн намысын коргогубуз келген», — деди федерациянын вице-президенти.

Тектеш кабарлар

Back to top button