Саясат
Майрам Акаеванын Кыргызстанга келгендиги тууралуу…
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди деген интернет булактарына тарап кеткен маалымат жалган экендигин коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева жана укук коргоо органдары билдирди.
Жакындарынын айтымында, ушу тапта Акаевдер толугу менен Москва шаарында.
Эскерте кетсек, өткөн жумада 44 жаштагы Айдар Акаев капысынан жүрөгү токтоп каза болгон эле. Маркумдун сөөгү Москвадагы Троекур көрүстөнүнө коюлган. Бул көрүстөндө орустардын өтө көрүнүктүү адамдардын сөөгү коюлат. 11-февралда Айдардын жетилиги өткөнү кабарланды.
Майрам Акаеванын Кыргызстанга келди деген жалган маалымат тараткандардын максаты эмне экени белгисиз.
Abal.kg