Саясат

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу Өкмөттөн ырасташты.

Азырынча Алмаз Мамбетовдун отставкасынын себеби белгисиз.

Алмаз Мамбетов 2019-жылдын апрель айында МКК жетекчиликке дайындалган. Ал ага чейин Балыкчы шаарын жетектеген.

Ага удаа эле “Унаа” мамлпекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев да кызматтан алынды.

Белгилей кетсек, январь айынын соңунда Коопсуздук кеңеши “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button