Спорт

Кыргызстандык балбан Азат Салидинов Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбан Азат Салидинов күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалат.

Ал 87 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Салидинов биринчи тажикстандык балбан менен кез келип, 4:2 эсеби менен жеңишке жеткен. Андан кийин ирактык балбанды 9:0 эсебинде уткан. Жарым финалда Ирандан келген балбанды жеңип, финалга чыккан. Бирок алтын үчүн болгон беттеште индиялык Кумар Сунилиге 0:5 эсебинде утулуп калган.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча балбандар Ренат Илияс уулу (77 кг.) менен Роман Ким (130 кг.) коло байгеге ээ болушкан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button