Саясат

Кремлде Жээнбеков менен Путиндин катышуусунда бекер концерт болот

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 27-февралда Москвадагы Кремль сарайында эки мамлекеттин эл артисттери, ансамблдери жана бий топторунун коштоосунда бекер концерт болорун билдирди.

Ага президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат.
«Билеттерди Москвадагы кыргыз коомдорунун лидерлери аркылуу, же Элчиликтен 25-февралга чейин аты-жөнүңүздөрдү берип, алсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

16.00дө башталган концерт саат 18.00гө чейин болот. Концертке паспорт же билет менен гана кирүүгө болорун элчилик эскертет.

Байланыш телефондору: +996 706 752 266 (ватсап), +996 777 555 882 (ватсап), +7 925 729 62 36 (ватсап), sa*********@**il.ru

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button