КоомСаясат

Кызыл-Омполду Ротшильддер иштетеби? Садыр Жапаровдун жообу

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ротшильддердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы уранды иштетүүгө катыштыгы бар деп айткан чет элдик блогер Анастасия Ахметовага жооп берди.

Блогер Кызыл-Омпол уран кенин англиялык Ротшильддердин үй-бүлөсү кызыгуу артып, алардын кызыкчылыгын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коргоп жатканын айткан.

“Мамлекет алсырап дестабилизация болушун каалаган тышкы күчтөр толтура. Ошондуктан биздин ички иштерди өз кызыкчылыгы үчүн талдамыш болгондордун жетегине кирип сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер. Кыргызстанда уранды байытуу иштери жүрбөйт. Аталган кенде урандын үлүшү 0,17%, калганы титано-магнетит. Ар кандай маалымат ишенбегиле, алданбагыла», — дейт Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button