Саясат

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышам деген тараптар кайсы банктардан эсеп ачыш керек?

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-апрелде боло турчу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну каалаган талапкерлер, партиялар шайлоо фонду үчүн эсепти эки банктан ача аларын билдирди.

Ага ылайык, талапкерлер менен партиялар шайлоо фондунун эсептерин “РСК банк” менен “Айыл банктан” гана ача алат.

Белгилей кетсек, 12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Алардын ичинен — 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button