Жаныш Кулмамбетов: «Бек Борбиевдин концертине кире алышпай билет талашып, мушташышып…»

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Жаныш Кулмамбетов 1990-жылдары “Жаңыл Мырза” спектаклин чыгарган. Бул спектаклдин баш каарманын ошол кезде коомчулукка жаңы тааныла баштаган айтылуу Бек Борбиев аткарган эле. Жаныш Кулмамбетовдон ошол спектаклде баш каарманды ойногон Бек Борбиев тууралуу кепке тарттык.
-Сиз бир учурларда Бек Борбиевди спектаклде ойноткон экенсиз?
-Ойнотком, Бектин жаш чагында.
-Кантип ойноп калды? Сиз эмне үчүн Бекти чакырдыңыз? Артисттер ойносо болбойт беле?
-Болмок, бирок, ал учурда театрга элдин келиши өтө солгун болчу. Бир чети ошону ойлоп, экинчиден Голливуддин фильмдеринин ийгилигин көбүн эсе популярдуу ырчылар, спортсмендер жаратаарын эстеп, ошондой эксперимент жасагам. Аперль айы эле. Ошентип ойлонуп жүргөн учурумда бирөөлөр менен Бек театрга келип калган экен. Мен анда “Асаба” гезитини кабарчысы элем. Театрга интервью алганы баргам. Бекти көрүп, дароо эле учурашып оюмду айтсам, кызыгып калды. Ага чейин аны менен жеке тааныштыгым жок болчу. Анан бир аздан кийин эле цирктин бир классын сурап алып, репетиция өткөрө баштадым. Бек менен Айсалкын Кыйыкбаева башкы ролдо болушчу. Экөөнөн тышкаары Нуриза Абазова менен Динара Абдыкадырова да ойношчу.
-Бек репетицияны үзгүлтүккө учуратпай келип аттыбы?
-Үзгүлтүккө учураткан жок. Тескерисинче, артисттерим келбей калып атып, башкы ролдогу актрисамды башка актрисага алмаштыргам.
-Бек Сиздин талабыңызды так аткарып аттыбы?
-Так аткарган үчүн, спектакль бир айдын ары-бери жагында даяр болду. Май айынын ондоруна чукул Кыргыз улуттук академиялык драма театрда коймой болдук. Ошол учурда Бек да спрот сарайына концертин уюштуруп койгон экен. Экөө параллель болуп калды. Баарынан кызыгы, ошол Бек концертин токтотуп коюп, театрга келип спектакль ойногон.
-Өзүнүн концертин токтотуп койдубу?
-Ооба, бири-бирине дал келип калган күндөрүн.
-А көрүүчү кандай кабыл алды?
-Рекламам да аябай эле начар экенине карабай, спектакль бир нече күн бою аншлаг менен өткөн.
-А эмне үчүн Бекти чакырдыңыз? Башка популярдуу ырчылар жок беле, ошол кезде?
-Мен Москвадан, аспирантурамды аяктап жаңы эле келгенде, филармонияга бир жаш ырчы концерт өткөрүп, эл батпай, кире албай, билет талашып мушташканын көрүп аябай таң калгам. Сурасам, “Бек Борбиев деген ырчы ушул, катуу чыгып атат” деп айтышты. Ырчынын концертине билет талашып, кызыл чеке болгондорду мурда көргөн эмес экемин. А ал учурда театрга болсо элдин келиши өтө начар болуп турган убак эле. Ошондо эле менде ушул идея жаралган – ырчыны театрга чакырып, спектакль коюу. Албетте, артисттер ич ара мага нааразы болуп жүрүштү, артистке ойнотпой ырчыга ойнотот дешип. Кийин менин практикамды театр кайра өзү пайдаланды, Элмирбек Иманалиевди Токтогулдун ролун ойнотуп.Баса, ошол спектклдин премьерасы чыгаар күнү Бек келип, “Жаныш аке, мен ушул оюнга арнап жаңы обон чыгардым, угуп көрбөйсүзбү” деди. Экөөбүз гримденүүчү бөлмөгө бардык. Бек аккордеонун тартып, ырдай баштады. Ыр мага аябай жакты. “Айтылгыс арман” делип, ырдалып жүрөт го? “Ка-ап, мурдатан айтканыңда жаздырып туруп спектаклге пайланабайт белем” деп катуу өкүндүм. Бирок, премьерадан кийин жарым саат концерт берип, ошондо ушул ырды Бек элдин алдына биринчи жолу ырдап чыккан. Кийин ошол драманын негизинде “Кандуу сүйүү” деген фильм тартканымда, ал ырды башкы ролду ойногон Чыңгыз Мырзаев аткарган.
-Бектин артисттик жөндөмү Сизге жактыбы?
-Бек искусствонун адамы да, сахнаны эң сонун сезе билет. Аткаруучулук органикасы мыкты. Ошондуктан спектакль ийгиликтүү чыкты.
-Кийин да Бекти театрда башка оюнда ойнотуп көрсөм деген оюңуз болгон жокпу?
-Театрда эмес, киного тартсам деген оюм бар болчу. Бирок, оңтойю келбей койду.
-Ырахмат, кызыктуу маегиңизге.
Маектешкен Зарина Мырсакулова