Шайлоо-2020: БШКнын сайтынан партиялар тууралуу толук маалымат алса болот

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлер жана партиялар жѳнүндѳ жарандарды тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн жаңы электрондук ресурсту ачты. Бул тууралуу КР БШКнын маалымат бѳлүмү билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында http://talapker.shailoo.gov.kg/ шилтемеси боюнча шайлоочулар жана бардык каалоочулар Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Токмок жана Балыкчи шаарларындагы беш шаардык кеңешке шайлоолорго катталган 22 партия тууралуу маалыматтар менен ѳз-ѳзүнчѳ кеңештер боюнча тааныша алат.
Шайлоочулар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары http://talapker.shailoo.gov.kg/ шилтемеси боюнча бардык партиялардын программасы менен онлайн режиминде таанышса болот.
Ошол эле жерден ар бир партия жѳнүндѳ жалпы маалыматты, атап айтканда
байланыш маалыматтары, аймактык ѳкүлчүлүгү, жетекчи органдары, партиянын
мүчѳлѳрүнүн саны, логотиби, катталган датасы, девизи, шайлоолорго катышуусунун
таржымалы ж.б. жѳнүндѳ маалыматтарды алса болот.
Каржылоо булактарын жана чыгашаларынын бардык беренелерин кѳрсѳтүү менен
партиянын финансылык отчетун жарыялоо жаңы ресурстун орчундуу жагдайы болуп
саналат.
Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык, айкындыгын камсыз кылуу алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу, шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алуунун жана чыгымдоонун тартибине бирдей мамиле жасоо боюнча шайлоо мыйзамдарына тийиштүү ѳзгѳртүүлѳр киргизлен, ошондой эле акчалай демѳѳрчүлүккѳ тыюу салынган жана финансылык отчеттор БШКнын сайтында милдеттүү жарыяланат.
Abal.kg



