Коронавирус. Сактануунун эң жөнөкөй ыкмасы. Академик менен врачтын кеңеши

“Мурундун ичин (каңылжаарды) самын менен жууп туруу тамак-мурундун былжырларына вирустардын жайылышына бөгөт коет”, деп билдирди «Вечерняя Москва» басылмасына врач-терапевт Лариса Алексеева. Бул туурасында 21 — мартта РИА Новости маалымдады.
«Бул эң сонун, илгерки ыкма болуп саналат. Муну советтик доордо вирус ооруларынын алдын алуу (профилактика) үчүн пайдаланылган», — деди ал.
Алексеева самындагы щелочь вирустардын былжырларга жабышышына жол бербейт, деп түшүндүрдү. Бул жагынан кир жууган самын өтө эффективдүү деп кошумчалады медик.
Дайыма самын менен жууп туруу теринин иммунитетин жана рН-балансын бузат, ошондой эле терини кургатып ийет деп айтты терапевт.
«Ошондой болбош үчүн, каңылжаарды жуугандан кийин мурунду дароо жыттуу май менен майлап коюш керек. Мисалы, муздак мята (же перечная мята) , корица, гвоздиканын майы менен. Аларда сезгенүүгө каршы касиет бар, ошол эле учурда оору менен күрөшүүгө да жардам берет. Эгер колуңарда андай майлар болбосо, анда оливканын майын, же балдардын кремин, оксолин майын пайдалансаңар болот», — деп айтканын жазат, басылма.
Алексееванын айтуусуна караганда, ал кадимки эле мончонун апакай самынын (банное мыло) пайдаланат. Сырттан үйүнө кайтып келгенде медик чыканангына чейин колун самындап жууйт, анан бетин, моюнун, кулагын жана мурдун самындап туруп эки-үч мүнөткө коюп коет.
«Ишимде, бир нече пациентти көргөндөн кийин, мен имаратты желдетем, столдун жана башкалардын үстүн таза сүртөм, андан соң кол жуугучка барып мурдумду жууймун. Офисте иштеген баардык кызматкерлер ушинтиши керек. Мурундун каңылжаарын манжа менен жууса да болот, же самындуу сууну алаканга толтуруп туруп мурундун ичине кичинеден жүгүртүш керек», — деп кеңеш берди врач.
Врач белгилегендей, вирус инфекциясын жугузбаш үчүн башка адамдардан өзүңдү оолак кармашың керек.

PS: Самын менен каңылжаарды жууп-тазалап, инфекциялардан сактанууну академик, СССРдин башкы санитардык врачы Бургасов Петр Николаевич сунуштаган. Мындай ыкманы ал фронтто жүргөндө үйрөнүптүр. Ушул ыкма менен мурундун каңылжаарын ар дайым жууп көнгөн, 90го чыга жашаган академик, өтө опурталдуу инфекциялар менен иштегенине карабастан, өмүрүндө бир да жолу грипп, ОРВ, ОРЗ сыяктуулар менен ооруган эмес деп айтылат.
Abal.kg