Джеки Чан казакстандыктарга кайрылып казакча“Бiз бiргемiз!” деп айтты(видео)

Бүт дүйнөгө таанымал кытайлык актер, режиссер жана сценарист атайы казакстандыктар үчүн видеоролик аркылуу кайрылуу жасады. Кайрылуусунда Джеки Чан казакстандыктарды ушундай татаал мезгилде мүңкүрөбөгүлө, күчтүү болгула деди. Бул туурасында NUR.KZ. агенттиги билдирди.
Джеки Чандын видеоролигин өзүнүн Instagram баракчасында мамлекет башчысынын кеңешчиси Ерлан Карин жарыя кылган. Кариндин сөзүнө караганда,” Джеки Чан коронавирус жуктуруп алды” деген каңшаарлар тараганда, казакстандыктар анын ден соолугу үчүн катуу тынчсыздангандыгына актер өтө ыраазы болуп калган экен. Баса, казакстандыктардын Джеки Чанга тынчсыздангандыктарын актердун командасына Ерлан Карин өзү билдирген. Натыйжада Джеки Чан ушул татаал мезгилде элге колдоо көрсөтүү үчүн казакстандыктарга кайрылган видеоролик даярдаган. Видеонун кадрларынан көрүнүп тургандай, катастрофалар канчалык ырайымсыз экендигине карабастан, адамдын сүйүүсүүнүн алдында алсыз деп белгилеген актер. «Кытай күчтүү бол! Казакстан күчтүү бол! Бiз бiргемiз. Мүңкүрөбөгүлө», — деди Джеки Чан.
Abal.kg



