Окуялар
Индиядан келип, карантинде жаткан даваатчы бизден чочулабагыла, таптазабыз деди (видео)

Карантинде жаткан даваатчы видеодон кыргыз элине кайрылуу жасады: «Биз чүчкүргөн, бышкырган жерибиз жок, температурабыз 35-36 градус. Бизде эгер ушундай оору болсо аябай дарылаш керек эле. Бизге жөн эле дарыны ичирип коюп атат. Андан башка капельница коюп же укол сайган жери жок. Өзүбүздү жакшынакай сезип атабыз, эч кандай проблема жок. Биз тазабыз, эч кандай паникага түшпөгүлө” деп айтты.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга коронавирус жуктурандардын алгачкылары умрага барып кичи ажылыктар келгендер катталган жана бул вирусту давааттан келгендер да жуктурганы белгилүү болууда.
Abal.kg



