Окуялар

Коменданттык саат учурунда терминал уурдаган шектүүлөр кармалышты

Бишкекте коменданттык саат учурунда терминалды уурдап кеткен деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Эске салсак, 6-апрель күнү саат 02:10до Абдрахманов көчөсүндөгү терминалды белгисиз адамдар көтөрүп кетишкен. Жабдуунун ичинде 61 500 сом болгон. Ал эми терминалдын өзү 1500 доллары турары айтылган эле.

«Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кечээ Свердлов райондук милициясынын криминалдык кызматы тарабынан уурулукка шектүү катары 30, 29 жана 27 жаштагы үч жаран кармалды. Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда алардын шаар аймагында жасалган буга чейинки башка кылмыштарга дагы тийиштиги иликтенип жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button