Окуялар
Бишкекте милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус сүзүштү(видео)

Бүгүн Бишкек шаарынын Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус кагышып, үч киши жабыркады. Бул туурасында Тез жардам станциясынан билдиришти.
«Бул көчөлөрдүн кесилишине саат 6:38де чакыруу түшүп, үч киши ооруканага жеткирилди», — деп билдирди медиктер.
Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, унаалар сүзүшкөндө бус капталынан кулап калган.
Фейсбук колдонуучусу Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына кырсык болгон жерден видео жүктөгөн. Андан унаалар эвакуацияланып жатканын көрүүгө болот.
Abal.kg