Баласын катуу сабаган атаны Москвадан милиция кармап кетти(видео)

Кечээтен бери мектепте окуган баласын катуу сабаган ата тууралуу видео коомчулуктун кыжырын келтирип, бир топ талкууга алынган эле.
Бүгүн бул тууралуу өздүк булактар баласын сабаган ата Кыргызстандын Ала-Бука районунан экени айтылат. Анын туугандары бул видеону көрүп төмөндөгүдөй билдирүү жасаган.
“Көргөн көзүбүзгө ишене албай эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигит 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”-дейт ал.
Ал эми Инстаграммга анын суроту менен табылганы да жарыяланды.

Кандай болгон күндө да баласын аеосуз сабаган ата жазаланышы керек.
Abal.kg