Ош шаарында 3 эм төрөлдү. Былтыр бул аймакта 270 эгиз төрөлгөн

Өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.
Анын айтымында, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 19 жаштагы тургуну кечээ, 27-апрель күнү үч эм кыздарын жарыкка алып келди. Үч эм операция жолу менен төрөлдү.
Учурда эненин жана кыздардын абалы жакшы. Биринчи төрөлгөн кызы 2 кг 400 гр, экинчиси 2 кг 100 гр, үчүнчүсү 2 кг салмак менен төрөлүшкөн. Бул жаш келиндин алгачкы төрөтү.
Зейнеп Исраилова белгилегендей, ымыркайлар 2020-жылдагы Ош шаарындагы алгачкы үч эм. Өткөн 2019-жылы Ош шаардык төрөт үйүндө 11 миң 500 ымыркай жарыкка келген. Алардын ичинен 270 бала эгиздер болсо, 7 жолу үч эм төрөлгөн.
Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери өзгөчө абалга карабай күнү-түнү өз милдеттерин аткарып жатышат.
Abal.kg