Окуялар

Киевде офицердин унаасын жардырган кылмышкерлерден кыргыз паспорту табылган

Киевдин Голосеев райондук соту украиналык тыңчынын унаасын жардырууга аракет кылган деп орусиялык эки жаранды күнөөлүү деп тапты. Алардын бири 8 жылга кесилди. Маалыматты, Украинанын Башкы прокуратурасы жергиликтүү ММК булактарына таркатты.

2019-жылдын 4-апрелинде украиналык офицердин унаасы жарылып кеткен. Жарылуунун айынан бир адам жабыркаган. Ал ооруканада өзүнө келбей каза тапкан эле.

Каза тапкан жаран жарылуучу затты украиналык офицердин унаасына коюп жатканда жарылып кеткени кийин маалым болгон. Анын жанынан кыргыз паспорту табылган. Аз өтпөй кылмышкердин өнөктөшү да колго түшүп андан да кыргыз паспорту табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз паспорттору жасалма экени аныкталган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button