Эки өлкөнүн окумуштуулары коронавируска каршы антитела алышты

Бир эле учурда эки өлкөнүн окумуштуулары лаборатория шартында коронавирус SARS-CoV-2ни нейтралдаштыра турган антитела алышты. 4-майда, ийгиликтүү лабораториялык эксперимент өткөрүшкөнүн Нидерланддардын окумуштууларынын тобу билдиришти. Алардын макаласы Nature журналына жарыяланды. А бүгүн 5-майда Израилдин биологиялык иликтөөлөр Институту (IIBR) коронавируска каршы антитела алышканы белгилүү болду. Бул туурасында, өлкөнүн коргонуу министри Нафтали Беннет пресс-конференциянын учурунда билдирди, деп маалымдады Reuters. Бул туурасында 5-майда Коммерсантъ кабарлады.
Эки учурда тең, вируска атака жасап, адамдын организминин клеткасына кире турган тикенектүү белогун жок кыла турган моноклоналдуу антителаларды бөлүп чыгарышкандыктары туурасында сөз жүрүп жатат. Алынган антителалар SARS-CoV-2нин жайылышына жол бербей, аны нейтралдаштырат.
Окумуштуулардын эки тобу тең, тесттердин натыйжасын алдыга өтө чоң жылыш деп аташат. Анткени, теория жүзүндө бул антителалар эч нерсенин жардамысыз, өздөрү эле COVID-19 пандемиясын жок кылууга күчү жетет жана келечекте болуучу коронавирус инфекциясынын эпидемиясын токтото алат. Ошол эле учурда, окумуштуулар алынган антителалардын эффективдүүлүгүн бышыкташ үчүн жаныбарларга жана адамдарга клнинкалык сыноолорду жүргүзүү зарыл дешти.
Израилдин коргонуу министри Нафтали Беннеттке, анын кечээки IIBRге визитинин учурунда, окумуштуулар өздөрүнүн жасаган иштерин көргөзүшкөн. Адистер ага, антитела алуу стадиясы аяктаганын, бирок “өтө тыкыр тестирлөөгө” муктаж экендигин айтышкан. Эми IIBRдин лабораториясы адамдарга сыноо жүргүзө баштайт. Ушундан кийин гана израилдик окумуштуулар антителаларды «коммерциялык өлчөмдө» чыгаруу үчүн эл аралык компаниялар менен келишим түзө алабыз деген үмүттө, деп билдирди израилдик i24 порталы.
Abal.kg



