Коом
Садыр Жапаров космонавт Сергей Корсаковду кабыл алып, аны бүгүнкү Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады

Ал эми Корсаков туулуп-өскөн, балалыгы өткөн Кыргызстандын анын жүрөгүндө өзгөчө орду бар экенин айтты.
«Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди космонавт.
Ал эл аралык космос станциясында жеке буюмдарга чектөө коюлганына карабастан, өзү менен кошо Кыргызстандын жана Бишкектин желектерин ала кеткенин айтып берди.



