Саясат

Өкмөт жумушсуз жүргөндөрдү окутуп, жардам бермей болду

Кыргызстанда жумушсуз жүргөндөрдү окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн акысыз курстар ачылат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Асрандиев өкмөт жакында эле экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин кабыл алганын эске салды. Анда экономикалык ишмердүүлүктү акырындык менен калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган.

«Мындан сырткары, жумушсуз жүргөн жарандарды акысыз окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана кесип үйрөтүүнү уюштуруу механизми иштелип жатат», —деди Асрандиев.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button