Окуялар

Орус окумуштуусу өлгөн коңуздар үчүн 40 жыл түрмөгө олтурушу ыктымал

Ростов-на-Донулук зоолог өтө сейрек көздөшүүчү коңуздарды жыйнаганы үчүн  Шри-Ланкада камакка алынган. Россиялык окумуштуу Александр Игнатенко 40 жыл азиянын түрмөсүнө жатып калышы мүмкүн, деп билдирди 14-майда Life.ru маалымат порталы.

Орус зоологу же эмгек эс алуусун өткөрүү үчүнбү, же атайын коңуздарды изилдөөнү максат кылганбы, айтор Шри-Ланкага учуп барган. Окумуштуу кандайдыр бир өтө сейрек кездешүүчү коңуздарды сейилдеп жүрүп, улттук парктардын биринен чогултуп алган. Игнатенко аларды мейманканага алып келип,   сүрөткө тартып, коңуздардын кайсы түрүнө  кирээрин гуглдан издемекчи болгон.

Окумуштуу мындай ниети менен дароо эле тобокелге салган. Анткени, Шри- Ланкада сейрек кездешүүчү жан-жаныбарлар менен курт-кумурскаларды чогултууга жана сатууга карата мыйзам аябагандай катаал. Игнатенкону жоро-жолдоштору менен улуттук парктан чыгып келе жатканда кызматкерлер кокусунан токтотушкан. Анткени, россиялыктар парктын ичинде жабылгандан кийин да жарым саат жүрүп, кечигип чыгышкан. Бир нерседен шек санаган кызматкерлер тигилерди текшере келгенде  Игнатенконун чөнтөктөрүнөн өлгөн коңуздар табылган. Аларды ал “мурунку күнү, трассада былчыйып жаткан жеринен таап, чогултуп алып, кийин чөнтөгүн тазалаганды унутуп коюптур”. Кызматкерлер аки-чүкүсүнө карап олтурбай, дароо полиция чакрышкан. Россиялыктардын документтерин, телефондорун жана камераларын алып коюшкан. Кармалгандарды түнү боюу бир имаратка камашып, адвокаттарына жана тууган-туушкандарына телефон чалууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.  

Шри-Ланка

Эртеси орус зоологу жаткан мейманкананын номеринде тинтүү жүргүзүшүп, дагы өлгөн коңуздарды таап чыгышкан. Аларды да Игнатенко «жолдун жээгинен жана мейманкананын багынан чогултуп алган».

Зоолог начальникке коңуздарды сүрөткө тартып, андан соң Интернеттен кайсы түрүнө тийиштүү экенин аныктагандан кийин, кайра алган жерине алып барып коймокмун деп түшүндүргөн. Окумуштуу коңуздарды алган жерине кайтара алган эмес, анткени ланкиялык полиция аларда далил буюм катары чогултуп алышкан да, окумуштууну шериктери менен кошо дароо сотко алып барышкан. А сот токтоосуз эле “түрмөгө олтургузуп, анан шашпай териштиребиз” деп чечим чыгарган. Игнатенко менен шериктери түрмөдө бир жарым ай олтурушкан. Коронавирус жайыла баштаганда орустарды кепилдик менен (под залог) чыгарышып, мейканага кое беришкен. Игнатьев карантин алынгандан кийин кайрадан ланкиялык түрмөгө олтуруп калышым мүмкүн деп кооптонууда.

Эми орус окумуштуусуна Шри-Ланкадагы консулдук гана жардам бере алышы ыктымал. Алар 2017-жылы Шри-Ланкада жүрүүнүн эрежесин бузган бир нече  россиялыкты мекенине кайтарууга күчтөрү жеткен. Бул жагынан алардын тажырыйбалары бар. Бир гана маселе, консул азырынча эмгек эс алуусунда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button