Саясат

Президент С.Жээнбеков эл арызданган судьяларга карата талапты күчөтүүгө чакырды

Кыргызстандагы Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жыл башынан бери 223 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу 15-майда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда комиссиянын төрайымы Нургүл Бакирова билдирди.

Анын айтымында, 18 судьяга сөгүш жарыяланып, 155 судьяга алдын-ала эскертүү берилген. 42 судьяга эскертүү берилип, кынтыксыз болуу талабын бузганы үчүн сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жээнбеков элден арыз түшкөн судьяларга карата талапты күчөтүш керек экенин баса белгиледи. Ал Тартип комиссиясынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылууга, санарип форматка өткөрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Судьяларды жоопко тартуу маселелерин караган Тартип комиссиясы 2017-жылы түзүлгөн. Ал көз каранды эмес коллегиалдуу орган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button