Саясат

Карантиндеги элге кыянатчылык. Атамбаевдин тарапташтары Айт майрамында митингге чыгышабы?

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө, 24-май,  Орозо Айт майрамында элди чогултуп, нааразычылык акцияга чакырган баракчалар пайда болду. Коомчулук тарабынан бул маалыматтар эки анжы кабыл алынды. Дүйнө эли, таажылуу вируска каршы күрөшүп, дарыгерлер тарабынан обочолонуу сунушу киргизилип жатса, элди чогултууга карата болгон аракеттер чыккынчылыкка барабар деген пикир басымдуулук кылгандыктан баракча өчүрүлдү.

Ага улай эле бул жерде мурдагы президент, азыр 14 өтө оор кылмышка айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаевдин кулагы кылыйды. Айрым басылмалар, саясатка   эми гана аралаша баштаган, анын кичүү уулу, Кадыр Атамбаев менен ыйлаак кеңешчиси Темирлан Султанбеков өлкөдө баш аламандык уюштуруу үчүн батыштан барандуу жардам долларларды алганын жазып чыгышты. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган кылмыштарды карасак: куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш иши ачылган.

Мындан тышкары, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого, экинчиси “Форум” ишканасына байланыштуу  жана Тарых музейиндеги коррупциялык иштери  да Атамбаевге барып такалат.

Бул жагы эч нерсе эмес, Батукаевди кызыл килем төшөп өлкөдөн чыгарып жибергенин эч ким унута элек. Атамбаев убагында жазуучулардын ырыскысын уурдап байыганы ар бир кыргызстандыкка маалым. Атамбаев президент учурунда коррупция күчөп, аттиш 600 доллар, жыгачтан жасалган тарых музейиндеги аттар 3000 еврону түзгөнү, ал үчүн ошол учурда эч ким жоопкерчиликке тартылбагандыгын айласы кеткен эл күйүп-бышып айтып, акыры социалдык желелерде  күлкүгө айлантып тим болгон эле.

Атамбаевдин убагында мамлекетти, айдоочусу, жан сакчысы, адам өлтүрүп, өмүр боюу эркинен ажыратылып, кайра жасалма акталып чыккан баш кесер менен катчылар башкарып калганын ким тана алат? Азыр жалаң Атамбаевдин арсыз иштеринин азабын чегип жашап жатсак, ага карабай түрмөдө жатып алып дагы, балдарынын колу менен элди козутуп, чогулууга, митингге чакырып жатканы, тымызын иштери жердештерин жеке ич күптүүлүгүнө колдонгондугу чыккынчылык эмей эмне.

Кудайдын улуу күнү, мыйзамсыз алып алган жерине эл чогулса, таажылуу вирус массалык жукса, жоопкерчилик кайрадан эле мамлекетке жүктөлүп, аларды дарылоого дарыгерлер бараары, коопсуздукту сактоого милиция кызматкерлери бараары айтпаса да белгилүү эмеспи?

Балким, 24-майда элди чогултуу менен дал ушундай максатты көздөп майда диверсия уюштуруп жаткандыр?

Атамбаевди сатпай, камалып кетүүгө бел байлаган айымдарды “тымызын” иштерден четке чыгарып жаткандыгынын себеби дагы дал ушул болуп жүрбөсүн. Бул митингге жердешчилигин сыйлаган эле кой-таштыктар  барбаса, акыл-эси жайында коомчулук өкүлдөрү басып барбайт.

Ал эми Атамбаевдин уулдары КСДП партиясынын уставына өзүм билемдик кылып өзгөртүү киргизип, партиянын атынан ар кандай иш чараларды өткөрүп жатканы да элдин кызуу талкуусуна түштү. Атүгүл,  аталган партиянын мүчөлөрү да мурдагы президенттин уулдарына нааразычылыгын билдиришүүдө. Атамбаевдин уулдары Кадыр менен Сеид да атасынын жолу менен бийликке умтулуп,  коомго баш-аламандык уюштурууну максат кылып жатканы билине  баштады. Андыктан, азыр митингге эмес, коңшунун үйүнө барууга чочулап, сыртта коронавирус күч алып жатканда элдин саламаттыгына кыянатчылык кылып, коомду козуткан мындай адамдарга укуктук баа берилип, тиешелүү органдар  алдын албаса, оюндан от чыгып кетүү коркунучу да алыс эмес.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button