Жайыл районундагы МАИ инспектору өзүн-өзү атып өлтүрдү

Жайыл районунда МАИ инспектору өзүн-өзү атып өлтүрдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты.
Окуя бүгүн Париж айылында болгону белгилүү. МАИчи кызматтык курал менен өзүн атып өлтүргөн.
“Окуя болгон жерде, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги бар. Алар окуянын себептерин иликтеп жатышат” деп редакциянын булагы.
Эскерте кетсек, кечээ ИИМ Басма-сөз кызматы: «Азырынча белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугун белгилейбиз. Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады» деп билдирүү тараткан эле.
Abal.kg