Белгилүү кино жана театр актёру Марат Жантелиев (Бопуш) каза болду

Белгилүү кино жана театр актёру, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады.
Кесиптештеринин айткандарына караганда, актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.
Кыргыз элине комедиялык маанайдагы миниатюралардан «Бопуш» деген ат менен аттын кашкасындай таанымал болгон актёр, комик Марат Жантелиев, Нарын облусуна караштуу Кара-Кужурдун Лахол айылында туулган. Ал 1980-жылдардын башында Москва шаарындагы Бүткүлсоюздук кинематография институтунун кыргыз студиясын, атактуу орус киночебери Алексей Баталовдун («Москва слезам не верит» фильминдеги Гоша) колунан бүтүрүп, улуттук бир катар тасмаларда эсте калаарлык образдарды түзгөн.
Актер көп жылдардан бери Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана балдар театрында эмгектенип, сахнада ар кыл типтеги ролдорду жогорку чеберчиликте ойноп келген.
Акыркы жылдары Жантелиев Марат кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасында ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай манасчынын образын чоң ийгилик менен жараткан.
Мезгилсиз дүйнө салган таланттуу артисттин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз…