Коронавирус 90 кишиден аныкталды. 36 жаштагы жигит каза тапты
Республикалык ыкчам штабда 17-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.
Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде 54 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпысанан айыккандардын саны 1901 адамга жетти, бир бейтап каза тапты деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 90 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары.
Ал эми ушул 90 учурдун Бишкекке — 36, Чүйгө — 29, Ош шаарына -7, Ош областына -6, Жалал-Абадга -3, Баткенге — 3, Таласка — 6 бейтап туура келет.
36 жаштагы каза тапкан адам боюнча маалымат берип, башкы санитардык врач, бул жигит Бишкектин базарларында жашылча-жемиш сатып иштеп жүргөнүн, 11-июнда Жалал-Абадга тажияга барганын, ошол жерден өзүн начар сезип, ооруканага кайрылганын айтты. Баардык медициналык дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн жумшаганга карабастан, эки өпкөсүнөн тең кагынуунун натыйжасында 16-июнда жүрөгү токтоп калганын айтты.
Abal.kg



