Окуялар

Ош шаарында чыккан өрт жанындагы 5 үйдү каптады

Кечээ, 31-июлда саат 20:38 чамасында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыгып кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 турак үйлөрүнө өткөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, РӨКОнын 1 суу ташуучу унаасы, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаасы, ИИМнен 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button