Маданият
(Видео) Куудул Борончуну көз жумду деп жалган маалымат тараткан жигит издөөгө алынды

Марлен Жолдубаев деген жаран куудул Борончу Кудайбергеновду каза тапты деп соцжелеге жалган маалымат таратып жиберген. Бул жарандын жосунсуз жоругу коомчулуктун кыжырын келтирүүдө.

Марлен Жолдубаевдин орунсуз, одоно «тамашасына» Борончу Кудайбергенов өзү телеканалынан жооп берди.
Бул шилтемеден куудул Борончунун жооп бергени жана ал тууралуу жалган маалымат тараткан бала издөөгө алынганын көрө аласыздар.



