Ырысгүл Изатова: Депутат, ырчы, бийчи болуш колубуздан келеттир. Бирок адам болуу колубуздан келеби?

Ырысгүл Изатова, Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүн башчысы, жаш акын:
-Ырысгүл, жакында эле аты жаман вирус менен кыргыз эли ооруп, оор мезгилди башыбыздан кечирдик. Алардын катарында сен да ооруганыңды билебиз. Ооруну кантип жеңдиң?
— Кудайга шүгүр, буюрса акырындан калыбына келе баштады. Бул оорудан соң организм көптө калыбына келет экен. Үшүсөң эле дароо жөтөлүп баштайт экенсиң. Ошол үчүн өзүмдү аябай карап жаткан учурум. Оору -жашоонун, жакындарыңдын баркын сездирген да күчкө ээ экен. Жашоого жаңы төрөлгөндөй болуп калдым. Эми буюрса жакшы иштерди баштайын деп турам. Өмүр ченелүү экенин жакындарыбыз каза болуп билдик. Алар бизге сабак болуп кетти. Эми биз жакшы жакка өзгөрүшүбүз керек.
-Ырысгүл, ыр дүйнөсү сени кандайча өзүнө тартты?
— Ыр жазам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Тоолуу айылда, азыркыдай интернет деген түшүнүгү жок чоңойгон кызмын. Биз окууну бүтөөр жылы гана антена орнотулуп, телефон ала баштаганбыз. Ошол себептенби көп маалыматтардан артта калыптырбыз. А тургай азыркынын жакшы ыр жазган акындары кимдер, ким кандай ыр жазат этибарга албаптырмын. Айылдын турмушу башка да. Мектеп менен үйүмдүн аралыгы беш километр эле. Мен 3-4-класс кезимде эжекелеримдин баары окуусун бүтүп шаарга кетишти. Уй саамай, идиш жуумай өңдүү жумуштар менин мойнума түштү. Ата — энем мал баккандыктан кой кайтарып жүргөн киши деле, мал издеп жүргөн киши деле үйгө келип кымыз ичип кетишчү. Окуудан барсам чара-чара кир идиш, сүт тартмай өңдүү жумуштар. Ошо менен аны кылып, сабагымды окугуча кеч кирчү. Кечинде чарчагандыктан сүйлөгөнгө ал келбей калчу. Телевизор деле көрчү эмес экенмин. Балким телевизор көрсөм “аа, акындар бар экен” деп калмак белем (күлүп). Студент болуп шаарга келгенде гана негедир ыр жаза баштадым. Чукул аралыкта көп акынды тааныдым, ырларын окудум. Көптү билүүмө мунун баары чоң түрткү болду.

-Ырларыңдын басымдуу бөлүгү армандуу ырлар. Мунун себеби эмнеде?
— “Көп күлгөн адамга аяр мамиле кылыңыз, анткени ал эч ким жок жерде буулугуп көп ыйлайт” деп коюшат го. Анын сыңары мен да жашоодо көп күлгөнүм менен ичимде бороон уулуп турат. Тынчтык бербей, жан дүйнөм туйлаганда калем кармап ыр жазып калам. Эч кимге айтпаган сырымды ыр менен бөлүшөм. Ыр жазбаганда жашыкчыл адам болуп калмак окшойм (жылмайып).
— Сага кандай мырза жагышы мүмкүн?
— Мен оңой менен эркектерге маани бербейм. Көбү муну бой көтөрөт деп ойлошу мүмкүн. Жок, андай эмес. Көп эркектин оозунда болгум келбейт. Ансыз да чыгармачылыкта жүргөнүм үчүн “жигити көп болсо керек” деген пикирлерди көп угам. Адамдардын назарында болушум мүмкүн, бирок баары менен ой келди сүйлөшө берүүгө табиятым жол бербейт. Биз улуунун учугун улай турчу аялзатыбыз. Ким бирөө бизден өрнөк алышы мүмкүн. Ким бирөөнүн туура жолго түшүшүнө себепкер болушубуз ыктымал. Ошол себептен эркек менен кыздын ортосундагы мамилеге аябай саресеп салганга аракет кылам. Өзүнө, сөзүнө бек, акылдуу мырзаларды жактырам.
— Ичиңдеги сырды ким менен бөлүшөсүң?
— Эч ким менен бөлүшпөйм. Өзүм менен өзүм кайнаган адаммын. Кайгырсам да, сүйүнсөм да баары ичимде. Негедир көпчүлүк адамдар сырларын мага айтат. Балким менин жан дүйнөмө кире алган адам болсо көп акындын ырларынын жаралуу тарыхын, ыр каарманы ким экенин биле алышмак (күлүп).
— Эмнеге өкүнөсүң?
— Адамдардын пейили бузулуп жатканына өкүнөм. Алдасам, менин ишим жүрүшсө, мени сыйлашса дешет. А мен кимдин кадырына жеттим, мен кимди сыйлай алдым деп ойлогондор аз. Жакшылык кылсаң да анын артында бирдеме бардай көрүшөт. Кээде уулу байкелер жазып, чалып калса адам катары жакшы мамиле кылсаң эртеси күнү тийишип башташат. Эмнеге биз адам болуп туруп адамдарга жеңил баа беребиз билбейм?! Жакшылык кыла албасаң ушактабай, жаман сөз айтпай жайына кой. Жакшылык кыла алсаң милдет кылбай кыл. Улуулар улуулуктан тайса жаштар кимди өрнөк тутуп, кайсы багыт менен каяка барат?
— Акын кыздын саясатка көз карашы кандай?
— Бир сүйлөмүндө он ката, бирок саясатты сындап жазгандарды көргөндө “эришине жараша аркагы, эшегине жараша тушагы” деген сөз эске келет. Депутаттар жаман, жеп тойбогон каман дей беребиз. Бирок ошол депутат башка планетадан түшкөн жок. Ал менин, сенин, анын тууганы. Балким атасы, балким байкеси. Баарыбыз эле сындаганды билебиз. А жол көрсөткөндү билип жатабызбы маселе ошондо. Депутат, ырчы, бийчи болуш көбүбүздүн колубуздан келеттир. Бирок адам болуу колубуздан келе албай жатканы кашкайган чындык. Алгач өрнөктүү адам боло алсак анан калганын жөнгө салып кетмекпиз.

— Жүрөгүңдү багындырган жигит барбы?
— Аялзатында чоң озуйпа бар. Ал улуу көчтү улаган инсандарды жарык дүйнөгө алып келүү. Бул баарынан кооптуу да, жооптуу да милдет. Ошол себептен бир берилген өмүрдө жан шеригимди адашпай тандоо керектигин билем. “Жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей жан шеригиңдин акыл парасаты, тарбиясы калыбында болсо, татыктуу балдарды тарбиялоо жеңил болоор. Азырынча жигитим боло берсин, кийин жакшы адамга жолуксам ошол адамга турмушка чыгып кетем деген ойдон алысмын. Келечектин кеменгерине жолугуп, кыргыздын татыктуу үй-бүлөсү болуп, коломтомдун түбөлүк тутанып турушун каалайм.
-Маегиңе рахмат!
Маектешкен Венера Кадырбекова



