Маданият

Кыргыз актеру Аскат Сулайманов Болливуд тасмасына тартылды (ФОТО)

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын белгилүү актеру Аскат Сулайманов Индиянын тасмаларына тартыла баштады. Бул тууралуу актер соцтүйүндөгү баракчасына таянуу менен жазып чыкты.

Анын айтымында, индиялык тасмаларга алгачкы жолу тартылды.

“Индустардын киносуна тартылдым. Алардын сөзүнө уксаң атрыка матрыка дей беришет экен бири-бирин кандай түшүнөт билбейм. Индустардан айырмам деле жок калды”-деди актер.

Актердун айтымында  тасма жакынкы күндөрү эл назарына тартууланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button