Дүйнө

Буканын өпкөсүнөн жасалган COVID-19га каршы дармек, бейтаптардын өлүмүн беш эсеге кыскартты

COVID-19дан улам өпкөнүн өтө оор жабыркоо формасына дуушар болгондорду дарылоо үчүн чыгарылган Россиянын дармеги өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеди. Россиянын окумуштуулары ири мүйүздүү бодо малдын өпкөсүнөн алышкан БЛ-сурфактанты  менен биринчи эле жолу ингаляция кылгандан кийин бейтаптар абалдарынын кадимкидей оңолгонун сезишкен. Муну Санкт-Петербург, Москва, Тюмень жана Сыктывкардын медиктеринин тажырыйбасы бышыктаган, деп билдирди 8-сентябрда “Известия” .

Сурфактант — буканын өпкөсүнүн ичиндеги өпкөгө төшөлгөн көбүкчө түрүндөгү суюктук (легочная альвеола). Ал «буканын өпкөсү» деп чечмеленет. В. А. Алмазов атындагы НМИЦтин анестезиология жан реаниматология илимий-изилдөө лабораториясынын башчысы Андрей Баутиндин «Известияга» айтып бергенине караганда, аны бейтаптардын дем алуу органдарына ингаляция жолу менен 30 минтуттан суткасына эки жолу киргизишкен. Кээ бирөөнө эки эле сутка талап этилсе, айрымдарын 5 күнгө чейин дарылашкан.

Сеченов университетинин клиникасында Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Сергей Авдеев, биринчи жолу ушул дармекти бронхоскопиянын ордуна пайдаланган. Биринчиден бул бейтаптар үчүн ыңгайлуу жана мунун жардамы менен ооруну алгачкы стадиясында эле өтүштүрүп жибербей кармап калса болот.

Дүйнө жүзүндө  10го жакын  сурфактант дармектери бар. Алардын баары, анын ичинде Россияныкы дагы, ара төрөлгөн, өпкөсү жетиле электигине байланыштуу дем алууга али жөндөмсүз ымыркайларга жардам берүү ирээтинде түзүлгөн. Бирок, Россиянын дармегин чоңдорго да колдонууга уруксаат берилген. Врачтар менен окумуштуулар бул дарыны башка дагы оор формадагы ооруларга пайдаланып көрүшкөндө, кадимкидей жардамы тийген. БЛ-сурфактанты чочко тумоосунан дарылаганга да кереги тийсе, эми COVID-19га да жардамы тийип жатат.

«Чет өлкөлүк коллегаларыбыз дагы биз сыяктуу эле ушул багытта иштеп жатышат. Бирок биз бир кадам алдыга кеттик», — деп айтты «Известияга» Сергей Авдеев.

Россияда бул сурфактантты пайдалануу менен COVID-19дун өтүшүп кеткен оор формадагы ооруларынын арасындагы өлүмдү  80%тен 14,3%ке чейин төмөндөтүүгө жетишишкен. Изилдөө аяктагандан кийин БЛ – сурфактантын Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен коронавирус инфекциясын жугузгандарды дарылоого кошушат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button