Бакен Кыдыкеева менен Советбек Жумадыловдун ортосунда эмне жакындык бар эле?

Кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева туурасында драматург Жаныш Кулмамбетовдун «Талант жана тагдыр» аттуу драмасы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 16 жылдан бери көрсөтүлүп келе жатыптыр. Жакында эле ушул драманы “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтынан окуп чыгып, жүрөгүм ооруду. Ушундай улуу талантты сактай албаганыбызга кыжаалат болдум. Баарынан да анын тегерегиндеги интригаларга, коллегаларынын пендечилигине кейидим. Бир четинен Бакен Кыдыкееваны ушактап, үй-бүлөсүн бузган ошол коллегалары кимдер болду экен деген кдүктүү суроолорго да кабылдым. Баарынан да, үй-бүлөөсүнүн бузулушуна шылтоо болгон “Бейшенакунов деген болтойгон артист” кайсы сахна талантынын прототиби деген ой кетти.
Драма тууралуу ушул сыяктуу жана башка суроолорго жооп ала аламбы деп, авторго – драматург Жаныш Кулмамбетовго кайрылдым.
-Жаныш Осмонович, драмаңызды окуп чыгып ар кандай ойлорго, божомол-жоромолдорго туш келип турам. Биринчиден, Өмүрбек деген чоң интриган актер бар экен. Прототиби барбы, же толук бойдон ойдон чыгарылганбы?
-Пртотиби баланча деп так кесе айта албайм. Бирок, Өмрбектин образы жалпыланган, Бакен эженин ошондой коллегаларынын коллективдүү портрети деп түшүнүш керек. Кыдыкеевадай көркү көздүн жоосун алган, таланты ташкындаган, акылы Каныкейдикиндей болгон аялзатына, актрисага жетем деп талпынгандар коллегаларынын арасынан да, элдин ичинен да жетиштүү санда болгону айтпаса да түшүнүктүү. Арзыган арзуусуна жетпей калгандардын көбү Кыдыкееваны андан ары да урматтап, талантына таазим этип, адамдык сапатын өмүр боюу сыйлап өтүшкөнү талашсыз. Ошентсе да, арасында сахнанын Чолпон жылдызына жете албай калып, баркы-бедели биротоло түшүп, тебеленип-тепселгендей ичи ачышып, ар түркүн интригаларды уюштуруп, жамандап, эркек башы менен ушактагандар да болгону чындык. Алардын ким экенин сахналаштары, коллегалары жакшы билишкен. Аларды көрүп-билип, угуп калган биздин муун дагы жакшы билет. Кыдыкееванын үй-бүлөөсүнө чок таштагандар да ошолор. Кыдыкеевага СССРдин эл артисти деген наамды 1958-жылы бердирбей коюп, анысы аз келгенсип театрдан куудуруп ийген да, тилекке каршы, ошолор.
-Драмаңызда Бакен Кыдыкееванын үйүн өрттөп жиберген эпизод бар экен. Бул болгон окуябы?
-Бакен эженин үйүнүн өрттөнүп кеткени чын. Негизи, пьесанын ичиндеги окуялардын дээрлик баары Бакен эженин башынан өткөн таржымалынан алынып жазылган.
-Ошондо, Өмүрбектин оозу менен, үйдүн ичинде Бейшенакунов экөө бар, өрттөнүп өлүшсүн деген сыяктуу текст айтылып жатат…
-Айтылаарын айтылып жатат. Бирок, Бакен эже үйү өрттөнүп атканда киносъемкадан кайтып келип атпайбы. Демек, үйдүн ичинде эч ким жок да. Бул жөн эле каралоо да.
-А Өмүрбек Кыдыкееванын күйөөсүнө келген жерде “театрда Бейшенакунов деген болтойгон бир жаш артист бар, Бакен экөө бири-бирин жакшы көрөт окшобойбу” деп атпайбы? Күйөөсү да, ошол Бейшенакуновду бетине кармап Кыдыкеева менен ажырашып кетпедиби? Болжол менен Бейшенакуновдун кайсы артисттин прототиби экенин билсек болобу?

-Бул дагы, тек гана версия. Бакен эже адамдын өзүнө караганда талантынсүйгөн, баалаган инсан. Кезегинде, кадимки кайталангыс орошон талант Советбек Жумадыловду өтө барктаган экен. Экөө сахнада өнөктөш болушуп, бир кыйла ролдорду ойношкон. Өтө көрүнүктүүсү Антон Павлович Чеховдун “Ваня байке” (“Ваня таеке” деген ат менен белгилүү – З.М.) деген драмасында Кыдыкеева Елена Андреевнаны, Советбек Жумадылов анын арзыганы Войницикийди ойногон. Балким ушул спектаклдеги экөөнүн бири-бирине төп келген чыгармачылык дуэти, эки улуу таланттын сахналык ийгилиги, алардын кайталангыс көркөм-эстетикалык өнөктөштүгү кээ бир адамдарга, коллегаларына, айрыкча интригандарга айныгыс “факт” болуп берип, караниет иштерин жасоого жем таштагандыр… Кыдыкееваны театрдан айдап чыгышканда Жумадыловду да кошо кетиришкен. Кийин, биз театрдын алдындагы студияга келип кирген кезде, замандаштары, айрыкча муундаштары Жумадылов театрга жаңы эле кайтып келди деп айтып калышчу. Ошолор кеп кылышчу эле, Кыдыкеева менен Жумадыловду эмне үчүн театрдан кууп ийишкенин.
-Демек, Кыдыкеева менен Жумадыловдун ортосунда улуу махабат болгон деп айта алабызбы?
-Мен антип так кесе айта албаймын. Антип эч ким так кесе айта албайт болуш керек. Ал түгүл замандаштары дагы. Анын көбү жөн гана жоромол, андан да, ошол ичине кара таруу айланбаган көрө албас коллегаларынын чыгарган ушагы, жаманаттысы болушу толук ыктымал. А балким… бири-бирине болгон арзуу сезимдери да болгондур…
-Аңгемеңизге рахмат, сиз мени ого бетер кызыктырып таштадыңыз. Эми кимиси-ким экенин билүүгө далаалатанып, далай ой жоруларга бериле турган болуп калдым.
Маектешкен Зарина Мырсакулова.



