Окуялар
Сузакта автоунаа жардан кулап, 46 жаштагы айдоочусу каза тапты

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жашасын айылында автоунаа жардан кулап, айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 12-ноябрь күнү болжол менен саат 09:48де болгон. Анда Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунааны айдоочусу башкара албай калып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы айдоочу ошол жерден көз жумган.
ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.