Саясат

Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме

Кыргызстанда 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартка чейин талапкерлерди каттап, акыркы тизмени жарыялайт.

Шаардык кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар:

  • Жаңыдан түзүлгөн «Ата Журт — Кыргызстан» — 21 шаарга;
  • «Өнүгүү-Прогресс» — 17 шаарга;
  • «Замандаш» —16 шаарга;
  • «Ыйман нуру» — 15 шаарга;
  • «Ынтымак» — 14 шаарга;
  • «Социал-демократтар» — 13 шаарга;
  • «Республика» — 12 шаарга;
  • «Эмгек» — 11 шаарга;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 10 шаарга;
  • «Бирге Вместе» — 6 шаарга;
  • «Ишеним», «Кыргызстан» жана «Тынчтык» — 5 шаарга;
  • «Бир бол», «Жаңы доор», «Ата Журт, «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы» жана «Патриот ынтымагы» — 4 шаарга;
  • «Аманат», «Мекен ынтымагы», «Нур», «Улуттар Биримдиги», «Ордо», «Табылга» жана «Чоң-Казат» — 4 шаарга;

Мындан сырткары, 10 партия эки жана 23 партия бир шаардагы шайлоого катышууга арыз тапшырган.

Толугураак маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button